|
Судебная баллистика
|
|
СОТ БАЛЛИСТИКАСЫ – ок атуучу куралдарды жана анын ок-дарыларын колдонууга байланыштуу кылмыштарды иликтөө усулун окуп-үйрөнүүчү криминалистика бөлүгү. С. б-нын милдеттерине төмөндөгүлөр кирет: буюмзаттын ок атуучу куралдарга жана анын ок-дарысына кире тургандыгын аныктоо, ок атуучу куралдардын жана анын ок-дарысынын түрүн, үлгүсүн, анын техникалык абалын аныктоо, гильзага түшкөн издер боюнча колдонулган куралдын өзүн табуу, ок атууга байланышкан жагдайларды (аралыгын, багытын ж. б.) аныктоо.
|